Эрдоган: «Биздин тилегибиз Сирияда тынчтык»
Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, АК партиянын Газиантепте өткөрүлгөн 8-Кезектеги облустук курултайында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, коңшу өлкө Сириянын 13 жылдан бери эңсеп келген тынчтык жана бейпилдикке жетишине үмүттөнүшкөндөрүн айтты.
Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, АК партиянын Газиантепте өткөрүлгөн 8-Кезектеги облустук курултайында сөз сүйлөдү.
Газиантеп калкын өзгөчө адамкерчилик жана боордоштук менен сыналган Сирия кризисинде көрсөткөн абийирдүү турушу үчүн куттуктаган Эрдоган: «13 жылдан бери эзилгендерге татыктуу камкордук көрсөттүңөр, боордоштук мыйзамын сактадыңыздар»,-деди.
Сириядагы абалга токтолгон Эрдоган: «Идлибде карапайым элге каршы күчөгөн кол салуулар төөнүн белин сындырган саман сыяктуу акыркы окуяларга түрткү болду окшойт»,-деп айтты.
Түркиянын эч бир өлкөнүн аймагына көз артпаганын баса белгилеген Эрдоган: «Түркия катары биздин тилегибиз коңшубуз Сириянын 13 жылдан бери эңсеп келген тынчтык, ырааттуулук жана бакубаттык чөйрөсүнө тез арада жетиши»,-деди.
Сириянын көптөгөн трагедияларга, кыргындарга жана адамзатка карата уяттуулукка күбө болгонун баса белгилеген Эрдоган, Сирия жерлеринин коопсуз болушун кааларын айтты.
Эрдоган: «Түркия катары улуттук коопсуздугубузга жана кызыкчылыктарыбызга коркунуч туудурган эч кандай кыймылга жол бербей турганыбызды билишин каалайт элем. Бардык жооптуу актерлор жана бардык эл аралык уюмдар Сириянын аймактык бүтүндүгүн коргоого колдоо көрсөтсө, бул биздин бүткүл аймак үчүн эң жакшы жол болмок», - деп айтты.
Тектеш кабарлар
ТРТ Дамаскта өкүлчүлүгүн ачат
Дамаск өкүлчүлүгүнүн ачылышы менен ТРТнын чет элдик өкүлчүлүктөрүнүн саны 19га жетет.