Элчилердин конференциясы эртең башталат
15-Элчилер конференциясы Анкарада «Түркиянын дипломатиялык кадамдары жана глобалдык чыгылыштары» деген темада өткөрүлөт.
2218289
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жыл сайын уюштурулган 15-Элчилер конференциясы эртең башталып, 13-декабрга чейин уланат.
15-Элчилер конференциясы Анкарада «Түркиянын дипломатиялык кадамдары жана глобалдык чыгылыштары» деген темада өткөрүлөт.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең конференциянын ачылыш сөзүн сүйлөйт.
Конференцияга Түркиянын 146 элчилигинде жана 13 туруктуу өкүлчүлүгүндө иштеген элчилер менен бирге Тышкы иштер министрлигинин борбордук уюмунда иштеген көптөгөн элчилер жана жогорку даражалуу кызматкерлер катышат.
Конференциянын алкагында аймактык жана тематикалык баалоо сессияларында Түркиянын тышкы саясаты менен тыгыз байланышы бар аймактык жана глобалдык маселелер боюнча кеңири кеңешмелер өткөрүлөт.