Улуттук Чалгындоо Уюму операциясын ийгиликтүү аяктады

Терррордук уюм ПККнын аялдар уюму PAJKтын жооптууларынан "Жиян Хердем" каймана аттуу Мүрвет Гүлсевер Ирактын Сүлеймание шаарында жок кылынды

2218078
Улуттук Чалгындоо Уюму операциясын ийгиликтүү аяктады

Улуттук Чалгындоо Уюму  дагы бир ийгиликтүү операциясын ишке ашырды.

Терррордук уюм ПККнын аялдар уюму PAJKтын жооптууларынан "Жиян Хердем" каймана аттуу Мүрвет Гүлсевер Ирактын Сүлеймание шаарында жок кылынды.

Террордук уюмуна  1992 -  жылы катышкан жана уюмдун жогорку мартабалуу башкаруучулары менен жакын байланышта болгон Гүлсевер Улуттук Чалгындоо Уюмунун тизмесинде орун алган.

Гүлсевер Түркияга багынуу үчүн ПККдан качып баратып кармалган уюмдун мүчөлөрүн өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарган башкарууда орун алган.

 



Тектеш кабарлар