Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катарда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Танинин чакыруусу менен Дохага барды.

2217953
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катарда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Танинин чакыруусу менен Дохага барды.

Фидан 2024 - жылдын 7 - 8 - декабрында өтө турган 22 - Доха форумуна катышат.

Сириядагы чыккан акыркы абалдарга туш  келген форумдун алкагында Астана форматында тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу да пландалууда.

Жыйында Хакан Фидандын Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Доха форумунда аймактык жана эл аралык маселелер да талкууланат.

Форумга эл аралык деңгээлде таанылган азыркы жана мурдагы чечим чыгаруучулар менен аналитикалык борборлордун жетекчилери, академиктер жана эксперттер катышат.

Министр Фидандын Доха форумунун алкагында ар кандай сессияларга катышып, сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан кесиптештери менен Дохада эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт.

Министр Фидан ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөлөрү менен жолугушту.

.



Тектеш кабарлар