Фидан менен Блинкен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалга баа берилди.

2217950
Фидан менен  Блинкен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалга баа берилди.

Министр Фидан мурунку каталарды кайталабоонун маанисине токтолуп, келинген жерде режимдин реалдуу кыймыл кылып, оппозиция менен диалог түзүшү жана саясий процессти баштоосу керектигин жана аймактагы бардык актерлордун бул багытта конструктивдүү роль ойношу керектигин баса белгиледи. 

Фидан Блинкенге ПКК жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардын Сириядагы башаламан чөйрөдөн пайдалануусуна  уруксат берилбеши керектигин айтты.

Министр Фидан өзгөчө режимге таандык болгон химиялык куралдардын аймак үчүн  коркунучка айланбашы тууралуу   керектүү чараларды көрүүнүн пайдалуу болорун белгиледи.

Аймакка гуманитардык жардам жеткирүүнүн маанисин эске салган Фидан Түркиянын бул темада керектүү колдоону бергендигин айтты.



Тектеш кабарлар