Эмине Эрдоган : "Израилдин кылганы постмодернисттик Холокосту"
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Израилдин Палестина жерлеринде постмодернисттик Холокост жасаганын айтты.
2218102
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Израилдин Палестина жерлеринде постмодернисттик Холокост жасаганын айтты.
Эмине Эрдоган Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн «Палестина үчүн бир жүрөк» программасында сөз сүйлөдү.
"Бүгүн Палестинада болуп жаткан окуя мыйзамдуу да эмес, өзүн-өзү коргоо укугунун көрүнүшү да эмес",- дген Эмине Эрдоган: «Мунун так аныктамасы ; Бул Израилдин Палестина аймагында жасаган постмодернисттик Холокост», - деди.
Израилдин Газадагы кыргындарынын баарынын бүткүл дүйнөнүн көз алдында болгонун белгилеген Эмине Эрдоган : "Кичинекей бир идеологиялык азчылыктын чындыктан алыс пландарын угуу үчүн курган бул өзүмчүл тартипти барыдан мурда бир адам, бир мусулман катары четке кагам",- деди.