Улуттук Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте өткөрүлгөн Улуттук Коопсуздук Кеңеши жыйынынан кийин декларация жарыяланды.
Улуттук Коопсуздук Кеңеши Түркиянын Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн жана биримдигинин сакталышына ар дайым күчтүү колдоо көрсөткөнүн жана зарыл болгон бардык жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте өткөрүлгөн Улуттук Коопсуздук Кеңеши жыйынынан кийин декларация жарыяланды.
Декларацияда Сириядагы акыркы окуялардын (режим күчтөрү менен алардын каршылаштарынын ортосундагы кагылышуулар) карапайым калктын өмүрүнө жана мүлктүк коопсуздугуна зыян келтирбөө үчүн зарыл чараларды көрүүнүн маанилүү экени белгиленип, булар айтылды : "Жыйында режимдин өз эли жана мыйзамдуу оппозициясы менен мунасага барышы керек экени дагы бир жолу байкалгандыгы, өлкөбүздүн Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн жана биримдигинин сакталышына ар дайым күчтүү колдоо көрсөтүп келгени, колдоо көрсөтүүгө даяр экени айтылып, туруксуздуктан пайдаланууга аракет кылган террордук уюмдарга уруксат берилбей тургандыгы, улуттук коопсуздугубузга жана элибизге карата бардык коркунучтун жок кылынары баса белгиленди".
Тектеш кабарлар
«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады
Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.