Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

MİTтин операциясы менен колго түшкөн Өзмен Түркияга алынып келинди.

2217915
Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын Сириядагы жооптууларынан Серхат Өзменди чет өлкөдө кармап Түркияга алып келди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, MİT террордук уюм ПКК/КЖКнын Сириядагы түзүмүнүн жооптууларынан «Йылмаз» каймана аттуу Серхат Өзмендин чет өлкөдөгү жерин аныктады.

MİTтин операциясы менен колго түшкөн Өзмен Түркияга алынып келинди.

Террордук уюмга 2014-жылы кошулган Өзмендин көптөгөн аймактарда куралдуу кол салууларды жасаганы аныкталды.

Өзмендин Сириядан кийин 2023-жылдын башынан бери Иракта уюштуруу түзүмүндө иш алып барганы белгиленди.



Тектеш кабарлар