Президент Эрдоган 4-Стамбул билим саммитине билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын жогорку окуу жайларында эл аралык студент квотасы менен дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсүнө киргенин айтты.

2217874
Президент Эрдоган   4-Стамбул билим саммитине билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын жогорку окуу жайларында эл аралык студент квотасы менен дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсүнө киргенин айтты.

Президент Эрдоган Түркиянын «Маариф» фонду онлайн режиминде уюштурган 4-Стамбул билим саммитине «Тең жана адилеттүү коом жана туруктуу келечек үчүн билим» деген темада  билдирүү жөнөттү.

Эрдоган дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө студенттер дуушар болгон теңсиздиктерге байланыштуу жыйынтыктар орун ала турган, ошол эле учурда  билим берүү жана мамлекет,  билим берүү жана социалдык адилеттүүлүк сыяктуу темалар да талкуулана турган бул жылкы саммиттен да ийгиликтүү жыйынтыктардын алынарына ишенгендигин айтты.

"Үстүбүздөгү жылы 338 миң 161 эл аралык студентке университеттеринде билим берген өлкөбүз жогорку билим берүү потенциалынын 4,76 пайыздык бөлүгүн түзгөн бул квота менен дүйнөдөгү эң алдыңкы 10дун арасында",- деген Эрдоган 446 мектеп, 1 университет, 19 билим берүү борбору, 11 Түркия изилдөө борбору жана 44 жатаканасы менен 55 өлкөдө иш алып барган Түркиянын «Маариф» фондунун жалпысынан 50 миңден ашуун студентке кызмат көрсөткөнүн айтты.

Фонддун бул билим берүү мекемелеринде жергиликтүү окуу пландары менен бирге эл аралык билим берүү ыкмаларын да ийгиликтүү колдонгонун баса белгилеген Эрдоган : "Косоводон Колумбияга, Иорданиядан Пакистанга, Түштүк Африкадан Азербайжанга, Афганистандан Сомалиге чейин дүйнөнүн 55  өлкөсүндө жан аябастан кызмат кылып жаткан фондубуздун бардык мүчөлөрүн чын жүрөктөн куттуктайм",- деди.



Тектеш кабарлар