Нуман Куртулмуш Түштүк Кипр Ру Башкаруусунун Израилден курал алышына каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  спикери Нуман Куртулмуш Түркиянын болгон күчү менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында экенин баса белгиледи.

2217841
Нуман Куртулмуш Түштүк Кипр Ру Башкаруусунун Израилден курал алышына каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  спикери Нуман Куртулмуш Түркиянын болгон күчү менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында экенин баса белгиледи.

Парламенттин спикери Куртулмуш борбор шаар Анкарада жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Республикалык парламентинин спикери  Зия Өзтүрклер менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Түштүк Кипр Рум башкаруучулугунун  Израилден абадан коргонуу куралдарын сатып алышына каршылык көрсөткөн Куртулмуш : «Согуш кожоюндары азыр куралдарын сатуу үчүн жаңы жерлерди издеп жатышат»,-деди.

Нуман Куртулмуш дүйнөнү кан көлүнө айландырган бул аскер башчыларынын согуш куралдарын сатып, бул аймакты ого бетер туруксуз абалга келтирбеши керектигин белгилеп : "Кимдин кайсы  куралды сатып алганы же сатып ала турганы бизди кызыктырбайт. Биз куралдануунун токтотулушун каалайбыз. Бирок Түндүк Кипр Түрк Республикасына жана ал аркылуу Түркияны тынымсыз жөнгө салууга аракет кылгандар эмне үчүн бул кумарды көрмөксөнгө салып жатканын түшүнө албайбыз. Тескерисинче Кипрге бул кеңештерди бергендердин Түштүктү кандай куралдандыргандарын, айрым базаларды бекемдегендерин билебиз»,- деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тынчтыгын бузууну каалагандарга уруксат бербей тургандарын баса белгилеген Куртулмуш, ким каршы болсо да Түркиянын бүт күчү менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жанында экендиигн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар