Немис туристтердин тандоосу Түркия

Түркия келерки жайда немис туристтери үчүн «эң көп тандалган» өлкө болду.

2217733
Немис туристтердин тандоосу Түркия

Түркия келерки жайда немис туристтери үчүн «эң көп тандалган» өлкө болду.

Германиянын алдыңкы туризм фирмасы TUI Түркиянын немис эс алуучулар үчүн барган сайын популярдуу туристтик жайга айланганын билдирди.

TUI Германиянын билдирүүсүндө : «Түркия Германиядан келген эс алуучулар үчүн биринчи орунда турат жана учурда TUIде 30 пайыздан ашуун өсүү байкалууда»,- деди.

TUIнин баа берүүсүндө  Түркияда келерки жайда бир миллиондон ашык конок менен 2024-жылдын күчтүү жай ийгилигинен ашып өтүүнү каалашкандары белгиленип, Германиядан Анталья, Даламан, Бодрум жана Измирге каттамдардын жума сайын 1600дөн ашык каттам менен кеңейтилгени айтылды.

Кышкы сезондо күчтүү өсүү болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө : «Кыш айларында Түркияга келүүнү тандаган эс алуучулардын саны көбөйүүдө. 30 пайыздан ашык резервация өсүшү менен Түрк Ривьерасы Жер Ортолук деңиздин   Түрк Ривьерасы эң көп барылган жер. Популярдуулук рейтингинде Хургада жана Фуэртевентурадан кийин  үчүнчү орунду алууда",- деп айтылды.

 



Тектеш кабарлар