Мусул губернатору Түркия менен болгон карым - катнаштар тууралуу билдирди

Ед-Дехил Анкара губернатору Васип Шахиндин чакыруусу менен 26-29-ноябрь күндөрү Түркияга болгон сапары тууралуу Анадолу агенттигине маек берди.

2217877
Мусул губернатору Түркия менен болгон карым  - катнаштар тууралуу билдирди

Ирактын Мусул губернатору Абдулкадир Ед-Дехил Түркиянын Мусулдун өнүгүүсүндө дагы чоң роль ойношун каалагандарын айтты.

Ед-Дехил Анкара губернатору Васип Шахиндин чакыруусу менен 26-29-ноябрь күндөрү Түркияга болгон сапары тууралуу Анадолу агенттигине маек берди.

Ирак менен Түркиянын карым-катнаштарынын күндөн-күнгө күчөп баратканын белгилеген Мусул губернатору эки өлкөнүн ортосундагы сооданын да өсүп жаткандыгын белгиледи.

Иракта түрк фирмаларынын санынын көбөйүшүнө ыраазы болгондорун баса белгилеген Ед-Дехил түрк фирмаларынын өзгөчө Мусулдун өнүгүшүнө чоң  салым кошконун белгиледи.

Террордук уюм ДЕАШтын 2014-2018-жылдар аралыгында Мусулду көзөмөлгө алуусунда шаарда чоң кыйроолорду жаратканын эске салган Эд-Дехил, аймакта 6 жылга жакын убакыттан бери курулуш жана өнүктүрүү долбоорлорунун үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын айтты.

Бул өнүктүрүү жана курулуш иштеринде түрк фирмаларын эң көп көрүүнү каалашкандарын кайталаган Ед-Дехил: «Биз Түркиянын Мусулдун өнүгүүсүндө дагы чоң роль ойношун каалайбыз»,-деди.

Түркиядагы ушундай өндүрүш фирмаларынын Мусулда да болушун каалагандарын билдирген Ед-Дехил : «Түркиянын өнөр жай жана айыл чарба тажрыйбаларынан пайдаланылышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар