Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди

Эрдоган Сирияда 27-ноябрда башталган кагылышууларга токтолду.

2217881
Эрдоган Стамбулда журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сириядагы оппозициянын бутасы борбор шаар Дамаск экенин айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сирияда 27-ноябрда Халеп облусунун батышында режим күчтөрү менен куралдуу топтордун ортосунда башталган кагылышууларга токтолгон Эрдоган: «Учурда Идлиб, Хама жана Хомс андан кийин бута албетте Дамаск. Оппозициянын бул илгерилөөсү азыр да уланууда. Сириядагы бул илгерилөөнүн эч кандай кыйынчылыксыз уланышын үмүттөнөбүз»,- деди.

Сириянын президенти Башар Асадга чакырык салып «Келгиле жолугалы, Сириянын келечегин чогуу аныктайлы»,-дегенин эске салган Эрдоган: «Тилекке каршы Асаддан бул маселеге оң жооп ала алган жокпуз. Ушул тапта Идлибден кийин Хомс кайрадан оппозициянын колунда жана Дамаскка карай илгерилөө бар. Бүткүл региондо уланып жаткан бул көйгөйлүү илгерилөөлөр биз каалагандай эмес, биз аларды каалабайбыз»,-деди.

Израилдин Ливанга кол салууларына да токтолгон президент, кээ бир аймактардын жер менен жексен болгонун, жардам сурап кайрылгандардын бар экенин айтты.

Эрдоган дүйнө унчукпай турганда Түркиянын жардамын уланта турганын билдирди.  

Аймакта ок атышпоонун чексиз кантип сактала турганына карата аракеттеринин улана турганын баса белгилеген Эрдоган, бул теманы чечүүнүн жалгыз жолу Бириккен Улуттар Уюму экенин маалымдады.

Президент Эрдоган, дүйнө мамлекеттери катары Израилди бул мыкаачылык жана геноциди үчүн жоопко тартуу керектигин баса белгилеп: «Түркия катары биз да бул эсепти сурайбыз жана сурашыбыз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар