Эрдоган - Гутерреш сүйлөшүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Сирия келишпестигинде сабырдуулук менен башкарылган жаңы бир баскычка келингендигин, Сириянын мындан да чоң ыраатсыздыкка дуушар болбошу жана жарандардын курмандыктарына жол бербөө Түркиянын эң чоң каалоосу экенин айтты.
Сирия режиминин азыркы этапта кеңири саясий чечүүчү жол үчүн өз элин тартуусу керектигин белгилеген Эрдоган, Түркиянын чыңалууну азайтуу, жарандарды коргоо жана саясий процесске жол ачуу үчүн аракет кылып жатканын жана муну уланта тургандыгын айтты.
Антониу Гутерреш Сирия маселеси тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Жалпы өлкөдө ок атышууну токтотуунун жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык саясий чечимге багытталган деэскалация аракеттеринин ийгиликсиздигинин оор кесепеттери менен бетме-бет келип турабыз",- деди.
Аймакта он миңдеген жарандын коркунучта экенин жана бардык тараптардын эл аралык укуктун негизинде жарандарды коргоого милдеттүү экенин белгилеген Гутерреш : «Кан төгүү токтошу керек. Сирия элинин көптөн бери тартып келе жаткан кыйынчылыгын токтотуу үчүн аракет кылууга чакырамын",- деди.
Сирияда режим күчтөрү менен каршы куралдуу топтор 27-ноябрдан бери кагылышууда.