Тышкы иштер министри Хакан Фидан ЕККУнын жыйынына катышат

Мальтанын борбору Валлетта шаарында Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ  мүчөлөрүнүн жыйыны өтүүдө.

2216945
Тышкы иштер министри Хакан Фидан  ЕККУнын жыйынына катышат

Мальтанын борбору Валлетта шаарында Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ  мүчөлөрүнүн жыйыны өтүүдө.

5-6-декабрда боло турган Министрлер кеңешинин 31-жыйынында Түркиядан тышкы иштер министри Хакан Фидан катышат.

ЕККУнун негизги  чечим чыгаруучу жана аткаруучу органы болгон  Министрлер Кеңешине мүчө 40ка жакын мүчө өлкөнүн министрлери катышат.

Жыйында Европа  - Атлантика жана  Евразия географиясындагы коопсуздук абалына баа берилип, учурдагы маселелердин талкууланышы күтүлүүдө.

Жыйында тышкы иштер министри Хакан Фидан да европалык кесиптештерине кайрылат.

Фидан Түркиянын Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдогондугун, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн дипломатия жана диалогго артыкчылык бергенин баса белгилейт.

Израилдин Газага кол салуулары да күн тартибинде болот.

Фидан  Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтык жана ырааттуулукту орнотуунун маанисине көңүлдөрдү бурат.

Бул жылкы жыйында ЕККУдагы төрт жогорку кызматка, анын ичинде башкы катчыга дайындоо маселеси да талкууланат.



Тектеш кабарлар