Түркиянын Түштүк Кореяга байланыштуу билдирүүсү

Тышкы иштер министрлигинин колдоо баракчасы X социалдык медиа платформасында, Түркиянын Сеул элчилигинин нотасын бөлүштү.

2216665
Түркиянын Түштүк Кореяга байланыштуу билдирүүсү

Түркия Түштүк Кореядагы окуяларга байкоо салып жатканын белгилеп, бул өлкөдөгү түрк жарандарына этият болууну жана эл көп жерден алыс болууну эскертти.

Тышкы иштер министрлигинин колдоо баракчасы, X социалдык медиа платформасынан Түркиянын Сеул элчилигинин нотасын бөлүштү.

Түштүк Кореядагы окуяларга байкоо салынып жатканы айтылган билдирүүдө, жарандарга күнүмдүк жашоодо этият болуу жана эл көп жерден алыс болууга кеңеш берилди.

Билдирүүдө "Кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгон же жардамга муктаж жарандар биздин элчиликке 01037801266 нөөмөт телефону аркылуу кайрылса болот" деп маалымдалды.

Түштүк Кореяда президент Юн Сук Ёл жарыялаган согуш абалынын жоюлушуна байланыштуу парламентке берилген сунуш бир добуштан кабыл алынгандан кийин министрлер кабинетинин мүчөлөрү аскердик абалдын токтотулушун бекитишкен.



Тектеш кабарлар