Япония императордук үй - бүлөсүнөн Түркияга ханзаада жана ханбийке деңгээлиндеги сапар
Япониянын мураскор принци Фумихито жана мураскор принцесса Кико эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 100 жылдыгынан улам Түркияга келишти.
Япониянын императордук үй-бүлөсүнөн Түркияга мураскор принц жана принцессасы деңгээлиндеги биринчи сапар жасалууда.
Япониянын мураскор принци Фумихито жана мураскор принцесса Кико эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 100 жылдыгынан улам Түркияга келишти.
Борбор шаар Анкарада мураскор принц жана принцесса алгач коштоосундагы делегация менен Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткабирге барып, Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюшту.
Мураскор принц жана принцесса президенттик комплексте президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган тарабынан да кабыл алынды.
7-декабрга чейин созула турган сапарда принц менен принцесса Стамбулдагы коомдук жана маданий иш-чараларга катышып, Кыршехирдин Каман районунда түрк жана япон археологдору биргелешип жүргүзгөн Калехөйүк казуу аянтын изилдешет.