Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Орусия карым-катнаштары менен Сириядагы акыркы абалдар менен катар глобалдык жана аймактык маселелер каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Орусия карым-катнаштары менен Сириядагы акыркы абалдар менен катар глобалдык жана аймактык маселелер каралды.
Анда Эрдоган Түркиянын Сириянын жеринин бүтүндүгүн колдоону улантуу менен бирге Сирияда адилеттүү жана туруктуу чечим табуу үчүн аракет кылганын, аймакта дипломатия үчүн көбүрөөк мейкиндик ачуунун маанилүү экенин айтты. Бул этапта Сирия режиминин саясий чечим процессине кириши керектигин белгиледи.
Сириядагы акыркы абалдардын алкагында эң маанилүү маселенин карапайым калктын жабыр тартпашы экенин баса белгилеген Эрдоган, Сириянын мындан да чоң ыраатсыздыктын булагы болбошу керектигин, Түркиянын Сирияда бейпилдиктин камсыздалышы үчүн колунан келгендин баарын кылганын айтты.
Президент Эрдоган Түркиянын Сириядагы акыркы абалдардан пайдаланууга аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК жана анын жайылтуулары менен күрөшүүдө чечкиндүү позициясын уланта турганын баса белгиледи.