Түркия менен Грециянын ортосундагы «позитивдүү күн тартибинин» алкагында сүйлөшүүлөр уланууда
Грециянын борбор шаары Афинада эки өлкөнүн делегациялары «позитивдүү күн тартиби» жыйынын өткөрүштү.
Бүгүн эки өлкөнүн ортосунда “саясий диалог” жолугушуусу өтөт.
Эки жыйналышта тең түрк делегациясын тышкы иштер министринин орун басары, элчи Мехмет Кемал Бозай жетектейт.
Кечээки жыйында Түркия менен Грециянын ортосунда 'Акылдуу шаарлар' темасында Hackathon сынагына катышуу үчүн кайрылуулардын башталганы жарыяланды.
Сынак түрк жана грек жаштарынын ортосунда инновацияны, кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүнү максат кылат.
Сынактын финалы 2025-жылдын 20-февралында Түркияда болот. Сыйлык тапшыруу аземин 27-февралда Афинада өткөрүү пландалууда.
Бир тараптан президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Афинада өткөрүлгөн 4-Түрк-Грек медиа жана академиясы форумуна видео кайрылуу менен катышты.
Түркия менен Грециянын ортосундагы кызматташтыктын зарылдыгына токтолгон Алтун диалог каналынын ачык болушунун маанисине басым жасады.
"Милдетибиз - көйгөйлөрүбүздү башкалар менен эмес, бири-бирибиз менен сүйлөшүү. Түркия Грецияны, Греция да Түркияны угуусу керек",- деди Алтун.
Коммуникация башкармалыгынын төрагасы президент Режеп Таййип Эрдогандын 7 жылдан кийин өткөн жылы Афинага жасаган сапарынын оң диалогдун эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болгонун белгилеп, бул оң ылдамдоонун улантылышын каалады.
Тектеш кабарлар
Евробиримдиктин комиссары Хаджа Лахбиб Түркияга келет
Фидан менен Лахбибдин жолугушуусунда негизги тема терроризм менен күрөшүү болмокчу.