Түркия-Ирак JETCO жыйыны
Соода министри Өмер Болат Стамбулдагы жыйында сөз сүйлөдү.
Түркия менен Ирактын ортосундагы соода көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү максат кылынууда.
Түркия-Ирак Экономика жана соода биргелешкен комитетинин (JETCO) биринчи мөөнөттөгү жыйналышы болуп, анда Түркия менен Ирактын ортосундагы соода карым-катнаштарынан өз ара инвестицияларга, Өнүгүү Жолу долбоорунун алкагындагы кызматташтык жана контракт кызматтарына чейин көптөгөн башка тармактарды камтыган темалар каралды.
Соода министри Өмер Болат Стамбулдагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө: "Өткөн жылга карата Иракка 12,8 миллиард долларлык экспорт жасаганбыз. Эки тараптуу соода көлөмүбүз Ирактын экспортун кошкондо 20 миллиард долларга жеткен. Эки өлкөнүн лидерлери президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын ушул жылдын апрель айында Багдадга тарыхый сапарында эки өлкөнүн өз ара соодасы үчүн 30 миллиард долларлык соода көлөмүн максат кылышкан. Келишимдик көз караш менен караганда, Ирак Түркия эң көп проекти ишке ашырган дүйнөдө 3-өлкө болуп саналат жана бүгүнкү күнгө чейин болжол менен 35 миллиард долларлык 1111 долбоор ишке ашты",- деди.
Министр Болат Иракта инфраструктура жана суперструктурада абдан маанилүү долбоорлордун, өзгөчө Өнүгүү жолу долбоорунун алкагындагы инвестициялардын күн тартибинде боло турганын да айтты.
Тектеш кабарлар
«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады
Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.