Террорго каршы күрөш

Улуттук Коргоо министрлиги бул тууралуу билдирүү жасады.

2216509
Террорго каршы күрөш

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 террорист, Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Тынчтык булагы аймактарында да ПКК/ЙПГга мүчө 7 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлиги бул тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Түрк куралдуу күчтөрүбүз, террор уюму ПККга уюгунда сокку уруусун улантууда. Ирактын түндүгүнө 2024-жылдын 28-29-ноябрь күндөрүндө жүргүзүлгөн аба операциясынын натыйжасында Метина аймагында 5 ПКК террористи таасирсиз кылынды. Террорду өз булагында жок кылууга чечкиндүүбүз, кудуреттүүбүз» деген сөздөр камтылды.

Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө, «Террористтер качып кутула алышпайт! Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Тынчтык булагы аймактарында аныкталган 7 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды. Террордук уюмдарга каршы күрөшүбүз, алар кайда болсо да акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат!»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар