Эрдоган-Судани сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Түркиянын приоритетинин чек аранын тышындагы тынчтыкты сактоо экенин айтты.

2216614
Эрдоган-Судани сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Түркиянын приоритетинин чек аранын тышындагы тынчтыкты сактоо жана карапайым калкка зыян келтирбөө экенин айтты.

Сириянын биримдиги, ырааттуулугу жана жеринин бүтүндүгүнүн маанилүү экенин, бул темада Ирак менен бирдей пикирде экенин билдирген Эрдоган, Сирия режиминин абалдын дагы да курчушуна жол бербөө үчүн чыныгы саясий процесске кириши керектигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган Түркиянын улуттук коопсуздук жана кызыкчылыктарына ылайык, окуялардан пайда көрүүгө аракет кылган террордук уюм ПКК жана анын уландыларына бөгөт коюу үчүн Түркиянын кадам таштаганын жана таштай турганын маалымдады. 



Тектеш кабарлар