Түркиянын коомдук дипломатиясынын стратегиялык документи
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан жарыяланган документте, президент Режеп Таййип Эрдогандын «кириш» сөзү да орун алды.
5 жылдык «Түркиянын коомдук дипломатиясынын стратегиялык документи» жарыяланды.
Документ Түркиянын коомдук дипломатиясына байланыштуу стратегиялык максат жана милдеттерин камтууда.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан жарыяланган документте, президент Режеп Таййип Эрдогандын «кириш» сөзү да орун алды.
Кириш сөзүндө коомдук дипломатиянын маанисине көңүл бурган Эрдоган: «Жумшак күч түшүнүгүнүн айланасында калыптанган жана мааниси барган сайын арткан коомдук дипломатияга маани беребиз»,-деди.
Эрдоган бардык мекемелер менен бирге гуманитардык дипломатиядан туризм, соода, коргонуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо дипломатиясына чейин ар тармакта мыкты иш алып барышкандарын айтты.
«Боорукер өлкө» катары позицияланган Түркиянын аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү жабыр тарткандарга жана муктаж болгондорго көрсөткөн жардамдарын эске салган президент Эрдоган: «Согуштан, зордук-зомбулуктан, терроризмден жана кагылышуулардан качкан миллиондогон адамдарды эч бөлүп-жарбастан колдодук жана мындан ары да колдойбуз»,-деп айтты.
Эрдоган Түркияны улуттук кирешеге салыштырмалуу гуманитардык жардам боюнча дүйнөдө биринчи орунга көтөргөндөрүн да баса белгиледи.
Эрдоган ошондой эле «Түркия кылымы» максатынын алкагында иш-аракеттерге багыт бериле турганын да билдирди.
Президент Эрдоган: «Түркиянын коомдук дипломатиясынын стратегиялык документи өлкөбүздүн жумшак күч потенциалын арттыра турган иш-аракеттерге багыт берерине, коомдук дипломатияга жаңы дем кошуп, бүткүл дүйнөдө тез өзгөрүп жаткан мамлекеттер аралык карым-катнаштарга ыңгайлашуу аракеттерибизге салым кошо турганына ишенем»,-деди.