Түркиядан Иорданиянын армиясына класс жана компьютердик лаборатория
Ачылыш аземи Түркиянын Аммандагы элчисинин кеңешчиси Жан Мутлуер, ТИКАнын Иордания координатору Абдуррахман Сойлу жана Иордания армиясынын машыгуу директору генерал Зияд Накраштын катышуусунда өттү.
Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Иорданиянын Зерка облусундагы Армия тил институтунда түрк тили курсу үчүн класс жана компьютердик лаборатория ачты.
Ачылыш аземи Түркиянын Аммандагы элчисинин кеңешчиси Жан Мутлуер, ТИКАнын Иордания координатору Абдуррахман Сойлу жана Иордания армиясынын машыгуу директору генерал Зияд Накраштын катышуусунда өттү.
Мындан тышкары ачылышка Иорданияда иш алып барган түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана Иордания армиясынын тил институтунда иштеген көптөгөн жогорку даражалуу иорданиялык аскерлер катышты.
Мутлуер өз сөзүндө бул долбоордун Түркия менен Иорданиянын ортосундагы карым-катнаштарды дагы да бекемдей турганын жана долбоорлордун уланып жатканын айтты.
Накраш болсо Иорданиянын Түркия менен карым-катнаштарынын бир гана достук эмес, бир туугандык мамилелер экенин баса белгиледи.
Иорданиялык өкүл, класс жана лабораториянын ачылышы үчүн Түркия жана ТИКАга ыраазычылык билдирди.
ТИКАнын Иордания координатору Сойлу болсо иорданиялык аскерлердин Иорданияда негизги деңгээлде түрк тилин үйрөнүшкөнүн, андан кийин түрк тилин тереңдетүү үчүн Түркияга келишкендерин айтты.