Черногориянын президенти Анкарада

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте расмий аземден кийин өткөрүлө турган жыйында эл аралык маселелер менен бирге эки тараптуу карым-катнаштар да каралат.

2216127
Черногориянын президенти Анкарада

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн черногориялык кесиптеши Яков Милатович менен жолугушат.

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте расмий аземден кийин өткөрүлө турган жыйында эл аралык маселелер менен бирге эки тараптуу карым-катнаштар да каралат.

Черногориянын президенти Милатович баш калаа Анкарада алгач Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи жайгашкан Аныткабирди зыярат кылды.

Улуттук пакт мунарасына барган Милатович, Аныткабирдин атайын китепчесине кол койду.

Милатович китепчеге мындай деп жазды: "Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана көрөгөч лидери Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жайы жайгашкан Аныткабирге зыярат кылуу мен үчүн чоң сыймык. Бул жерде, азыркы замандын жана прогресстин принциптери Түркияны гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырып келе жаткан Ататүрктүн көөнөрбөс мурасы мага терең таасир калтырды".



Тектеш кабарлар