Алтундун Батыш медиасына реакциясы
Фахреттин Алтун Стамбулда өткөрүлгөн «Кабардын автордук укугу жана жасалма интеллект симпозиумунда» сөз сүйлөдү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун медиа империализмине көңүлдөрдү буруп, Батыштык медиа компанияларынын глобалдык адилетсиздикти жайылтып жатканын айтты.
Фахреттин Алтун Стамбулда өткөрүлгөн «Кабардын автордук укугу жана жасалма интеллект симпозиумунда» сөз сүйлөдү.
Бүгүнкү күндө адамзаттын глобалдык деңгээлде адилеттик маселеси менен күрөшүп жатканын баса белгилеген Алтун: «Бул адилеттик кризисин тереңдеткен негизги динамикалардын бири – бүткүл дүйнө менен байланышкан медиа империализми жана санариптик фашизм»,-деди.
Батыштык медиа компанияларынын глобалдык адилетсиздикти жайылтып жатканын билдирген Фахреттин Алтун: «Батыштык медиа компаниялары дүйнөдөгү маалымат булактарын, өзгөчө социалдык медиа платформаларын жана оригиналдуу кабар мазмундарын пайдаланып, бул мазмундарды каалаган форматта таратуу менен чоң киреше табышууда»,-деди.
Жасалма интеллект технологиясынын болсо адилеттүүлүк принцибине ылайык колдонулушу керектигин айткан Алтун: «Биз жасалма интеллект технологияларына этияттуу оптимизм менен карайбыз. Эң башкысы –жасалма интеллекттин чындык үчүн колдонулушу. Жасалма интеллект технологияларын медиа тармагында колдонуу социалдык адилеттүүлүк жана ачыктык принциптерине шайкеш келиши керек»,-деп сереп салды.
Тектеш кабарлар
ТРТ Дамаскта өкүлчүлүгүн ачат
Дамаск өкүлчүлүгүнүн ачылышы менен ТРТнын чет элдик өкүлчүлүктөрүнүн саны 19га жетет.