Фидандын телефондогу дипломатиясы

Тышкы иштер министри Хакан Фидан бир канча чет элдик кесиптештери менен сүйлөшүү өткөрдү.

2215603
Фидандын телефондогу дипломатиясы

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани жана Ливандын премьер-министри Нажиб Микати менен Сириядагы кырдаалды талкуулады.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Фидан менен орус кесиптеши Лавров телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Сириядагы кырдаал жана Астана процесси талкууланды.

Министр Фидандын Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Аль Тани менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө Сириядагы абал жана Газада ок атышпоо аракетине баа берилди.

Фидан Ливандын премьер-министри Микати менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Сириядагы акыркы абал жана Ливандагы ок атышпоонун абалы талкууланды.



Тектеш кабарлар