Түркия Косоводо суу каналына жасалган кол салууну айыптады

Түркия Косовонун түндүгүндөгү Зубин Потоктогу өлкөнүн суу  жана электр энергиясы үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон суу каналына карата кол салууну айыптады.

2215539

Тышкы иштер министрлигинен бул темага байланыштуу берилген билдирүүдө Зубин Потоктогу суу каналына кечээ жасалган кол салууну ишке ашыргандардын  кыска убакытта аныкталып, жоопко тартылышынын каалангандыгы билдирилди.  
Билдирүүдө : "Косовонун жанында экенибизди жана керек болсо ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз. Аймакта чыңалуунун болбошу үчүн  бардык тараптарды сабырдуулук менен аракет кылууга чакырабыз",- деп айтылды.  

Кечээ Косовонун түндүгүндө  болгон жарылуудан улам өлкөдө керектелген электр энергиясынын басымдуу бөлүгүн өндүргөн көмүр станцияларына муздаткыч суу ташыган «Ибер Лепенчи» каналы жабыркады.

Борбор Приштинанын бир бөлүгүнүн жана башка көптөгөн шаарлардын негизги ичүүчү суусу да ушул канал аркылуу ташылат.

Тектеш кабарлар