Хакан Фидан ТРТ World Форумунда өзөктүк согуш коркунучуна токтолду

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Жакынкы Чыгыш жана Азия Тынч океан аймагындагы куралдануунун дүйнөнү өзөктүк согуш коркунучуна алып келиши мүмкүн экенин айтты.

2215508

Хакан Фидан ТРТ  8 - уюштарган ТРТ World Форум  2024тө «Согуш жана тартип: Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө геосаясий өзгөрүүлөрдү багыттоо» сессиясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Эл аралык системанын саясий, аскердик, экономикалык жана экологиялык кыйынчылыктарды алып келерин белгилеген Фидан бул чакырыктар үчүн маанилүү геосаясий мезгилден өтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Барган сайын тереңдеп бара жаткан поляризациянын бар экенин белгилеген Фидан, эл аралык коопсуздук архитектурасынын акырындык менен алсырагандыгын айтты.

Жакынкы Чыгыш жана Азия Тынч океан аймагында куралдануунун күчөп баратканына көңүл бурган Хакан Фидан: «Бул дүйнөнү жардын четине, ал тургай атомдук согуш коркунучуна алып келиши мүмкүн»,-деди. 
Фидан болсо техно-саясаттардын эл аралык тең салмактуулукка таасир тийгизгенин белгилеп, жасалма интеллект жана кибер коопсуздук системаларынын да коркунуч кабылдоосун арттырганын белгиледи.

Тектеш кабарлар