Фахреттин Алтун Газада бүткүл дүйнөнүн көз алдында чоң бир геноцид болгонун айтты

Алтун Стамбулда өткөрүлгөн TRT World Forum 2024түн «Медианын бир жактуулугунун курулушу : Поляризациянын артындагы күчтөрдү чечмелөө» деген темадагы сессияда сөз сүйлөдү.

2215540
Фахреттин Алтун Газада бүткүл дүйнөнүн көз алдында чоң бир геноцид болгонун айтты

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун Газада бүткүл дүйнөнүн көз алдында чоң бир геноцид болгонун айтты.

Алтун Стамбулда өткөрүлгөн TRT World Forum 2024түн «Медианын бир жактуулугунун курулушу : Поляризациянын артындагы күчтөрдү чечмелөө» деген темадагы сессияда сөз сүйлөдү.

Алтун глобалдык медиа компаниялары менен социалдык медиа платформаларынын глобалдык байланыш агымын идеологиялык жактан башкара баштаганын, бурмаланган маалыматтарды таратып, системалуу түрдө жалган маалымат чыгара баштаганын айтты.

Жалпы маалымат каражаттарынын эми саясий жана идеологиялык поляризацияга  эмес, ошол эле учурда коомдук  поляризацияларга  да булак боло баштаганын белгилеген Фахреттин Алтун исламга каршы жана ксенофобия үгүтүнүн маргиналдуу болуудан чыгып негизги агым маалымат каражаттарынын көз карашына айланганын айтты.

Бүгүн көз алдыбызда Газада чоң геноцид болуп жатканын баса белгилеген Алтун :"Бул геноцид бүткүл дүйнөнүн көз алдында болууда, батыштык маалымат каражаттары Израилдин Батыш дүйнөсү үчүн канчалык маанилүү өнөктөш экенин үгүттөөдө. Ал саясий жактан туура тилди колдонуунун зарылдыгын сезбестен Израилди актоо үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат.Бир гана газалыктарга жана палестиналыктарга эле эмес бардык  мусулмандарга каршы ачык  жек көрүү сөздөрүн таратууда",- деди.

Медиа компасынын адилеттүү жана чындык болушу керектигин белгилеген Алтун: «Бүгүнкү күндө маалымат каражаттары адамзатка каршы кылмыштарга, согуштарга, террорго, мыйамсыз миграция толкундарына, каржылык башаламандыктарга, азык-түлүк жана жеткирүү чынжыр кризистерине каршы "укуктун" коргоочусу эмес, "күчтүүнүн" үгүтүн жүргүзүп  жатат. Бул тарип өзгөрүшү керек",- деди.



Тектеш кабарлар