ТИКА Афганистанда бир мектепти оңдоду
Афганистанда уроо коркунучу астындагы бир мектеп Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин колдоосу менен оңдолду.
Афганистанда уроо коркунучу астындагы бир мектеп Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен оңдолду.
Өлкөнүн түндүк батышында Түркмөнстан чек арасындагы Мурчак шаарында уроо коркунучу астындагы мектептин имараты оңдолуп жана эмеректер менен камсыздалды.
Түркмөндөр көп жашаган отурукташуу жериндеги билим берүү мекемесинде башталгыч мектеп, орто мектеп жана лицейде 2 миңге жакын окуучу билим алууну улантууда.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында имарат бекемделип, каалга жана терезелер жаңыланды, дубалдар сырдалып, класстарга парталар, столдор, отургучтар, доскалар жана ар кандай окуу куралдары коюлду.
Мектептин жетекчилери бул жардам үчүн ТИКА жана Түркияга ыраазычылык билдиришти.
Мектептин көпчүлүгү түркмөн болгон окуучулары түркмөн, түрк, фарс жана пешту тилинде ырларды окушту.
Тектеш кабарлар
Немис туристтердин тандоосу Түркия
Түркия келерки жайда немис туристтери үчүн «эң көп тандалган» өлкө болду.