Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.
Сириянын түндүгүндөгү "Евфрат калканы" жана "Тынчтык булагы" аймактарында аныкталган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 4 террорист таасирсиз кылынды.
Түрк куралдуу күчтөрү улуттан алган күч-кубат менен террористтерден тазалоону улантууда.
Билдирүүдө террорду өз булагында жок кылуу чечкиндүүлүгү баса белгиленди.
Ирактын түндүгүндөгү Хакурк жана Гара аймактарында да жикчил террордук уюм ПККга мүчө 13 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө, Зап аймагында операциясын аяктаган Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү башка аймактарда да террорду өз булагында жок кылуу үчүн күтүүсүз, адаттан тыш, ылдам жана тынымсыз операцияларын улантканы белгиленди.
Билдирүүдө: «Хакурк жана Гара аймактарында аныкталган 13 ПКК террористи абадан операция менен таасирсиз абалга келтирилди. Алар кайда болсо да түрк аскерлеринен кутула алышпайт»,- деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Немис туристтердин тандоосу Түркия
Түркия келерки жайда немис туристтери үчүн «эң көп тандалган» өлкө болду.