Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү

Эрдоган: "Газадагы геноцидди токтотуу жана туруктуу тынчтыкка жол ачуу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого даярбыз".

2215401
Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Адамзат бийиктигин жогото электе Газада да мүмкүн болушунча тез арада туруктуу ок атышпоо түзүлүшү керек. Түркия муну биринчи күндөн бери жактап келет»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбул Конгресс борборунда өткөрүлгөн TRT World форумунда сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Израиль менен Ливандын ортосунда бир күн мурда жетишилген ок атышпоонун туруктуу болушун үмүттөнөбүз. Газадагы геноцидди токтотуу жана туруктуу тынчтыкка жол ачуу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого даярбыз. Адамзат бийиктигин жогото электе Газада да мүмкүн болушунча тез арада туруктуу ок атышпоо түзүлүшү керек. Түркия муну биринчи күндөн бери жактап келет»,-деди.

Президент өз сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) да өзгөрүшү керектигин айтып: «БУУ тез арада өзгөрүүсү керек. 5 туруктуу мүчө, 15 убактылуу мүчө... Болбойт. Бул дүйнөнү минтип башкарууга болбойт. Эми бул БУУ менен уланта алабызбы? Жок. Бул БУУ толугу менен реформаланышы керек»,- деди.

Режеп Таййип Эрдоган: «Коомдук Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемебиз (TRT) бүткүл жоопкерчиликтүү коомго кайрылган адамдык жана баалуулукка багытталган берүүлөрү менен Түркиянын кадыр-барктуу мекемелеринин бири. TRT World Forum болсо дүйнөнүн интеллектуалдык климатына ар түрдүүлүктү алып келген платформа. TRT World Forum бир гана талкуу аянтчасы эмес, ошол эле учурда дүйнөдөгү көйгөйлөргө чечүүчү жол издөөнүн конкреттүү платформасы катары карайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар