Тышкы иштер министрлиги БУУнун Цивилизациялар Альянсынын форуму жөнүндө билдирүү жарыялады
Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын Португалиянын Каскай шаарында 25-27-ноябрь күндөрүндө өткөрүлгөн 10-Глобалдык форумуна байланыштуу жазуу түрүндөгү маалыматын жарыялады.
Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын 10-Глобалдык форумунда кабыл алынган Каскайс декларациясында дискриминациянын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү чечкиндүүлүгү баса белгиленгенин билдирди.
Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын Португалиянын Каскай шаарында 25-27-ноябрь күндөрүндө өткөрүлгөн 10-Глобалдык форумуна байланыштуу жазуу түрүндөгү маалыматын жарыялады.
Билдирүүдө Түркия 2005-жылдан бери биргелешип өткөргөн Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын 10-Глобалдык форумунун 25-27-ноябрь күндөрүндө Португалияда өткөнү белгиленди.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан катышкан форумда Каскайс декларациясынын кабыл алынганы белгиленген билдирүүдө: «Декларацияда ар түрдүү маданияттардын ортосундагы диалог жана карым-катнаштын тынчтык жана ынтымакта бирге жашоого кошкон салымы баса белгиленди; мындан тышкары расизм, расалык дискриминация, ксенофобия, диний сабырсыздык жана бардык ар кандай басмырлоолорго каршы күрөштү улантууга чечкиндүүлүк билдирилди»,деген сөздөр камтылды.
Билдирүүгө ылайык, декларацияда зордук-зомбулукка алып келүүчү дискриминацияны кайсы бир динге, улутка, цивилизацияга же этникалык топко байланыштырууга жол берилбестиги баса белгиленген.
Билдирүүдө : «Түркия глобалдык деңгээлде ар кандай дискриминацияга, өзгөчө анти-Исламга каршы күрөшүн улантат жана Цивилизациялар Альянсына колдоо көрсөтөт» деген сөздөр камтылган.
Тектеш кабарлар
Евробиримдиктин комиссары Хаджа Лахбиб Түркияга келет
Фидан менен Лахбибдин жолугушуусунда негизги тема терроризм менен күрөшүү болмокчу.