Түрк аба жолдору Сидней, Сантьяго жана Охридге учат

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2214510
Түрк аба жолдору Сидней, Сантьяго жана Охридге учат

Түрк аба жолдору (THY) Австралия жана Чилиге жаңы каттамдарын баштайт.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Уралоглу: «Эртеңден тарта THYнын Стамбул-Сидней каттамдары Малайзиянын Куала-Лумпур шаары аркылуу башталат. Быйыл ишке киргизилген Мельбурн каттамдарынан кийин THY Сиднейге да уча баштайт жана Австралиядагы экинчи багытты тейлейт»,- деди.

Каттамдар Стамбул аэропортунан дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Уралоглу THYнын 2024-жылдын 18-декабрынан тарта Стамбул-Сантьяго линиясында жумасына 4 каттамды баштай турганын да маалымдап: «Стамбулдан Чилиге каттамдарда алгач Бразилиянын Сан-Паулу шаарына, ал жерден да Чилинин борбор шаары Сантьягого барып учуусун аяктайт»,-деди.

Учактар Стамбулдан ​​дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учат.

Бир тараптан Түрк аба жолдору Түндүк Македониянын Охрид шаарына пландуу каттамдарын баштайт.



Тектеш кабарлар