Президент Эрдоган партиясынын фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Газадагы кыргындын токтотулушу жана туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү үчүн бардык салымды кошууга даяр экенин баса белгиледи.
![Президент Эрдоган партиясынын фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/172f/6498/525d/6746f0e98b788.jpg?time=1737626298)
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Газадагы кыргындын токтотулушу жана туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү үчүн бардык салымды кошууга даяр экенин баса белгиледи.
Президент Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги (TBMM) фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.
Эрдоган миңин күндө артта калтырган Россия - Украина согушу жана 14 - айына кирген Газа геноциди баш болгон аймактагы бардык кризистердин чечилиши үчүн катуу аракет кылып жаткандарын айтты.
Бүгүн эртең менен Израил менен Ливандын ортосунда түзүлгөн ок атышпоо келишиминен ыраазы болгондорун баса белгилеген президент Эрдоган: «Аянтта тынчтыктын сакталышы боюнча бардык тараптардын, өзгөчө Израилдин жоопкерчиликтерин аткарышын күтөбүз»,-деди.
Президент Түркиянын Газадагы кыргындын токтотулушу жана туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү үчүн ар кандай салымды кошууга даяр экендигин айтты.
Тектеш кабарлар
![Улуттук коопсуздук кеңешинин декларациясы жарыяланды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/24cb/2067/c002/6791e335a18f9.jpg?time=1737626299)
Улуттук коопсуздук кеңешинин декларациясы жарыяланды
Президенттик комплексте болгон чогулуштун жыйынтыгында Улуттук коопсуздук декларациясы жарыяланды.