Президент Эрдоган 10-Дүйнөлүк Халал саммитине видео кайрылуу жолдоду
30-ноябрга чейин улана турган жарманке дүйнөлүк аренадагы эң чоң халал иш-чара катары каралууда.
10-Дүйнөлүк Халал саммити жана Halal Expo 2024 жарманкеси Стамбул Экспо борборунда эшигин ачты.
Дүйнөлүк Халал Саммити жана Халал Экспосу Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) тиешелүү уюму Ислам өлкөлөрүнүн Стандарттар жана метрология институту (SMIIC) менен биргеликте Түркиянын Соода министрлигинин жана Халал аккредитация агенттигинин координациясында (ХАК), жергиликтүү жана тышкы министрликтердин жана ар кандай мекемелердин жана уюмдардын салымдары менен уюштурулууда.
110дон ашык өлкөдөн 1100дөн ашуун фирма катышкан жарманкеге 50 миңге жакын кишинин келиши күтүлүүдө.
30-ноябрга чейин улана турган жарманке дүйнөлүк аренадагы эң чоң халал иш-чара катары каралууда.
Адал тамак-аш, косметика, туризм, саламаттыкты сактоо, үй ашканасы, финансы жана башка көптөгөн секторлордун катышуучулары инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана кызматташуу үчүн чогула турган саммитте дүйнөнүн төрт бурчунан адистер, академиктер, ишкерлер жана өнөр жай өкүлдөрү маанилүү сунуштарды беришет жана халал стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жол карталары түшүндүрүлөт.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 10-Дүйнөлүк халал саммитине видео кайрылуу жолдоду.
Эрдоган билдирүүсүндө халал сертификаты бар өнүмдөрдүн жана кызматтардын таза, ден соолук жана диний сезимдерге урмат көрсөтүү менен сыйымдуулугу 5 триллион доллардан ашкан бул базардын дагы да өсүшүнө шарт түзөрүн белгиледи.
«Сертификация жана стандартташтыруу керектөөчүлөрдүн адал сертификаты бар өнүмдөргө жана кызматтарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн да, эл аралык соодада адал өнүмдөр менен кызматтардын жүгүртүүсүн жеңилдетүү үчүн да абдан маанилүү»,-деп айткан Эрдоган: «Ошол себептен биз 2010-жылы иштей баштаган Ислам өлкөлөрүнүн Стандарттар жана метрология институтунун бул иш-чараларына чоң маани беребиз. Мен Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө бардык өлкөлөрдү институтка мүчө болууга, ошентип халал сертификатындагы айырмачылыктарды, талаш-тартыштарды жана ишенимсиздиктерди жоюуга сиздерди дагы бир жолу чакырам»,-деп айтты.
Мамлекет башчысы таза, пайдалуу жана коопсуз тамак-ашка муктаждык болуп көрбөгөндөй сезилип турган учурда уюштурулган бул иш-чараны жетектеген мекемелерди куттуктады.
Тектеш кабарлар
KAAN долбоорунун экинчи прототип өндүрүшүнүн сүрөттөрү биринчи жолу бөлүшүлдү
Коргоо өнөр жайынын төрагалыгында 2024 иш-аракет жана 2025 максаттар боюнча жыйын өттү.