Министр Гүлер : "Запта да кулпу жабылды"

Коргоо министри  Гүлер Түркия Улуу Улуттук Парламентинин План жана бюджет комиссиясында улуттук коргоо министрлигинин 2025 - жылдын бюджетин талкуулоо тууралуу маалымат берди.

2214074
Министр Гүлер : "Запта да кулпу жабылды"

 Коргоо министри  Гүлер Түркия Улуу Улуттук Парламентинин План жана бюджет комиссиясында улуттук коргоо министрлигинин 2025 - жылдын бюджетин талкуулоо тууралуу маалымат берди.

Гүлер билдирүүсүндө буларды айтты : «Өткөн күндөрдө  жүргүзүлгөн «чектелген максаттуу жана убактысы чектелген» операциялардын ордуна бүгүн «үзгүлтүксүз жана кеңири» ишке ашырылган операциялар  менен бардык террордук уюмдарга, өзгөчө ПКК/КЖК, ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШка чоң сокку уруудабыз. Террор коркунучун булагында жок кылуу стратегиясы менен  чечкиндүү жүргүзүлүп жаткан операциялардын алкагында бул жылдын башынан бери  2 миң 564 террорист жок кылынды. Акыркы болуп баатыр Мехметчиктин аракети менен Запта да  кулпу жабылды.  Аймактагы аткарган иштерибиз ошол эле  темп жана чечкиндүүлүк менен уланууда жана улана берет.

Террордук уюмдун аймакта болушун токтотуу үчүн Ирак менен кол койгон Коопсуздук кызматташтыгы жана терроризм менен күрөшүү меморандуму менен конкреттүү кадамдарды таштай баштадык. Ошондой эле  Ирактын түндүгүндө да аймакта тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аймактык өкмөт менен тыгыз кызматташып жатабыз. Сөзүмдүн аягында дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет, бул географияда кандуу террористтерди жок кылганга чейин  терроризмге каршы күрөшүбүз улана берет»,-деди.



Тектеш кабарлар