Фидан: «Ксенофобия жана расизмдин күчөшүнө унчукпай калбашыбыз керек»
Португалияда өткөрүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын 10-Глобалдык форумунда Фидан Газадагы геноцидди эске салып, эл аралык коомчулукту дагы бир жолу эскертти.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан ксенофобия жана расизмдин күчөшүнө унчукпай калбашыбыз керектигин баса белгиледи.
Португалияда өткөрүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын 10-Глобалдык форумунда Фидан Газадагы геноцидди эске салып, эл аралык коомчулукту дагы бир жолу эскертти.
Глобалдык тартиптин ыдыраганын жана жек көрүү атайылап тутандырылып жатканын белгилеген Фидан: «Экстремизм, ксенофобия, расизм күч алууда. Израилдин палестиналыктарга кылып жаткан геноциди бул көйгөйлөрдү ого бетер курчутууда»,-деди.
«Чынында эч качан цивилизациялар кагылышуусуна мынчалык жакын болгон эмеспиз»,-деп айткан Фидан мунун адамзат үчүн бир эскертүү экенин жана унчукпай калган сайын эл аралык системада да ошончолук майдалануу болоорун айтты.
«Кандай гана түрдөгү дискриминация, анын ичинде исламофобия, антисемитизм жана динге же ишенимге негизделген дискриминациянын ар кандай түрү кабыл алынгыс жана айыпталышы керек» деген Фидан ар кимдин сак болушу керектигин айтты.
Хакан Фидан «Батышта гана эмес, Палестина баш болгон бүткүл дүйнөдө да тынчтыкка» чакырып, Газада он миңдеген адамдар, анын ичинде бейкүнөө балдар каза болуп, миллиондогон адамдар ачарчылык, жакырчылык жана өлүмгө дуушар болуп жатканда горизонтто тынчтык жок экенине көңүл бурду.