Байрактар ТB 3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараты сыноолорну ийгиликтүү аткарууда

Байкардан берилген маалыматка караганда дүйнөлүк авиация тарыхында бир алгычкыга кол коюп кыска аралыктуу учуу тилкесиндеги кемеде учуп  - конгон Байрактар ТB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараты кемедеги сыноолорун улантууда.

2214055
Байрактар   ТB 3  куралдуу учкучсуз учуучу аппараты  сыноолорну ийгиликтүү аткарууда

 Авиация тарыхында биринчи жолу кыска аралыктуу учуу тилкесиндеги бир кемеден учуп  - конгон биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппарат болгон Байрактар TB3 кечээ Чанаккале жакындарында   TCG Анадолу кемесине конуп  -  учуу сынагын кошумча жабдууларды колдонбостон биринчи жолу  ийгиликтүү аткарды.

Байкардан берилген маалыматка караганда дүйнөлүк авиация тарыхында бир алгычкыга кол коюп кыска аралыктуу учуу тилкесиндеги кемеде учуп  - конгон Байрактар ТB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараты кемедеги сыноолорун улантууда.

Байрактар  ТB3   кечээ Чанаккалеге жакын жерде бара жаткан TCG Анадолу кемесинен экинчи учуу сынагында да конуу жабдууларын колдонбостон эки жолу учуп  - конду. Улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараты  орточо  20 миң фут бийиктикте учкан сыноону ийгиликтүү аяктады.

Кешанда болгон рампа сыноолору менен ачык деңизде жакындашуу сыноолорун аяктаган Байрактар ​​ ТB3 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары 19 - ноябрда TCG Анадолунун кыска учуу тилкесинде 12 градустук жантык рампа менен ийгиликтүү учту.

Эгей жана Жер Ортолук деңизинин кесилишкен жеринде 46 минуталык тарыхый сыноо учушун аткраган Байрактар  ТB3 ошол эле кыска учуу тилкесине эч бир конуу жабдууларын колдонбостон ийгиликтүү учкан.



Тектеш кабарлар