НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Анкарада
Эрдоган Рюттени кабыл алды.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн бүгүн борбор шаар Анкарага келди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Рюттени Бештепеде кабыл алды. Бештепедеги кабыл алуу бир саатка созулду.
Жолугушууда Орусия-Украина согушу, Жакынкы Чыгыштагы окуялар, террор коркунучуна каршы таштала турган кадамдар жана НАТОнун жалпы коопсуздугу талкууланды.
Жабык эшик артында өткөн кабыл алууга тышкы иштер министри Хакан Фидан жана улуттук коргоо министри Яшар Гүлер да катышты.
Рютте Эрдогандын кабыл алуусунун алдында тышкы иштер министри Хакан Фидан менен да жолугушуу өткөрдү.
НАТОнун баш катчысы Анкара программасынын алкагында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү жаткан Аныткабирге зыярат кылды.
Рюттенин Түркиянын коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугушуп Түрк аэрокосмостук өнөр жайынын (ТУСАШ) кампусуна баруусу да пландалууда.