Хакан Фидан Португалияга жөнөп кетти
Тышкы иштер министри Хакан Фидан өз сөзүндө поляризация, дискриминация жана экстремизмдин күчөп жатканына көңүлдөрдү бурат.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан бүгүн 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин Португалияда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар Альянсынын 10-Глобалдык форумуна катышат.
Хакан Фидан өз сөзүндө поляризация, дискриминация жана экстремизмдин күчөп жатканына көңүлдөрдү бурат.
Министр Фидан дүйнөдө тынчтыкка жетишүү үчүн Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөргө чечүүчү жолдун табылышы керектигин баса белгилейт. Дүйнөдөгү исламга каршы маанайдын күчөп баратканын эскертет. Ал мусулмандарды Курани Каримге жана мечиттерге кол салууларга каршы бирдиктүү позицияны карманууга чакырат.
Хакан Фидан Бириккен Улуттар Уюмунун Исламга каршылар менен күрөшүү боюнча атайын өкүлүнүн дайындалышынын бул багытта таштала турган маанилүү кадам экенин айтат.
Форумдун алкагында Фидан Цивилизациялар Альянсы Достор Группасынын министрлер жыйынына да катышат.
Жыйында Достор тобунун мүчөлөрү биргелешкен декларацияга кол коюшат.
Тектеш кабарлар
Евробиримдиктин комиссары Хаджа Лахбиб Түркияга келет
Фидан менен Лахбибдин жолугушуусунда негизги тема терроризм менен күрөшүү болмокчу.