Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү
Телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
2213243
Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Телефондогу сүйлөшүүдө Түркия менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
Өзгөчө Түркия менен Орусиянын ортосундагы соода көлөмүн кеңейтүү сыяктуу көп тармакта кызматташтыкты арттырууну максат кылгандарын белгилеген Эрдоган, Түркиянын аймактагы чыңалууну токтотуу аракетин улантып жатканын жана тынчтык процесстерине салым кошууну уланта турганын белгиледи.