Түрк аба жолдорунан транзиттик жүргүнчүлөргө Стамбулду бекер кыдыруу мүмкүнчүлүгү
Стамбул аркылуу учкан жүргүнчүлөр THYнын «Тур Стамбул» долбоорунун алкагында жагымдуу тажрыйбага ээ болушууда.
Түрк аба жолдору (THY) чет өлкөдөн келген жана башка өлкөгө баруу үчүн Стамбул аэропортунда күткөн жүргүнчүлөрүнө шаарды бекер кыдыруу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.
Стамбул аркылуу учкан жүргүнчүлөр THYнын «Тур Стамбул» долбоорунун алкагында жагымдуу тажрыйбага ээ болушууда.
Стамбул аэропортунда 6 сааттан 24 саатка чейинки байланыш убактысы бар жүргүнчүлөр эки каттамдын ортосунда шаардын тарыхый жана маданий баалуулуктары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
THYнын кызматкерлери транзиттик жүргүнчүлөрдү эртең менен жеке автобус менен алып, конокторун Долмабахче сарайына алып барышат. Бул жерде салттуу эртең мененки тамак берилген соң жүргүнчүлөр кирүү акысын төлөбөстөн Топкапы сарайын жана Аясофия мечитин гиддин коштоосунда кыдыра алышат.
Жүргүнчүлөргө түшкү тамак да берилип шаардын башка маанилүү тарыхый жана туристтик жерлерин кыдыргандан кийин Стамбул аэропортуна жеткирилет.
THYнын Тур маркетинг директору Абдуллах Йормаз күтүү убактысына жараша ар кандай турларда жүргүнчүлөрдү кабыл алгандарын айтты.
Күнүнө 6 түрдүү тур уюштургандарын белгилеген Йормаз жүргүнчүлөрүн кышында соода кылуу, жайында болсо Босфор кысыгында коноктогондорун билдирди.
Йормаз 2024-жылы Тур Стамбулду эң көп америкалык коноктордун тандаганын, андан кийин мексикалык, казакстандык жана француз жүргүнчүлөрдүн турганын белгиледи.