Бир жумада 34 террорист жок кылынды

Өлкө ичи  жана чек ара операцияларында акыркы бир жумада 34 террорист жок кылынды.

2212311
Бир жумада 34 террорист жок кылынды

Өлкө ичи  жана чек ара операцияларында акыркы бир жумада 34 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин берген билдирүүсүнө  караганда түрк куралдуу күчтөрүнүн ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТО террордук уюмдары башта болгон бардык коркунучтарга каршы өлкө ичинде  жана чек ара тышында үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү операцияларын улантууда. 

Чечкиндүү операциялар менен Ирак жана Сириянын  түндүгүндө  1 - январдан бери 2 миң  539 террорист анын ичине  34 террорист акыркы бир жуманын ичинде жок кылынды. 

Террор уяларын  жок кылууну уланткан  түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел  - Кулпу  операциясы аймагында аныктаган террористтерге таандык үңкүрдө көп сандаган курал жана ок-дарыларды колго түшүрдү.



Тектеш кабарлар