Кападокиядагы жер астындагы шаарлар кызыгууларды тартат
Тарыхы, табитяты жана маданий байлыктары менен дүйнөнүн төрт тарабынан келген туристтерди тосуп алган Кападокиядагы жер астындагы шаарлардынбул жылдын 10 айында 1 миллион 322 миң 598 турист кыдырып чыкты.
Тарыхы, табитяты жана маданий байлыктары менен дүйнөнүн төрт тарабынан келген туристтерди тосуп алган Кападокиядагы жер астындагы шаарлардын бул жылдын 10 айында 1 миллион 322 миң 598 турист кыдырып чыкты.
Пери морулары жана табигый аскалар менен капталган өрөөндөрү , аскалардан оюлуп жасалган тарыхый монастырлары, чиркөөлөрү өзгөчө ысык аба шар турлары менен жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүлүн бурган Кападокияда жер астындагы шаарлар да кызыгууларды тартууда.
БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген аймактагы музейлерди жана тарыхый жайларды кыдырган коноктор жердин көптөгөн метр астындагы тарыхый конуштарды камтыган турларга да катышышууда.
Бул жылдын январь - октябрь айларында аймактагы жер астындагы шаарлар 1 миллион 322 миң 598 туристти тосуп алды.
Жер астындагы шаарлардан Каймаклыны 606 миң 820, Деринкуюну 453 миң 456, Өзконакты 293 миң 541, Татларинди 14 миң 054, Мазыны 8 миң 727 киши кыдырды.
Жер астындагы шаарларга келген коноктор бөлмөлөрдү, кампаларды, сыйынуу жерлерин, өтмөк туннелдерин жана мурда бир эле учурда миңдеген адам баш калкалаган жерлерди көрүп чыга алышат.
Тектеш кабарлар
Руанданын президенти Түркияга келди
Президент Эрдоган Пол Кагамени Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды.