Эрдоган: «Биздин көйгөйүбүз аймагыбызды башаламандык жана туруксуздукка сүйрөгөндөр менен»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитиндеги жолугушууларын аяктагандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.
![Эрдоган: «Биздин көйгөйүбүз аймагыбызды башаламандык жана туруксуздукка сүйрөгөндөр менен»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/64ef/1c7c/f3da/673d746be9e2d.jpg?time=1736884762)
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биздин көйгөйүбүз басып алуу жана жортуул саясаты менен аймагыбызды башаламандык жана туруксуздукка сүйрөгөндөр менен»,-деди.
Президент Эрдоган Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитиндеги жолугушууларын аяктагандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.
Эрдоган G20 саммиттерине 2008-жылдан бери катышып жатканын белгилеп, төмөнкүдөй баа берди: «Дүйнөбүз бир эле учурда бир нече согуш, геноцид жана гуманитардык трагедия менен күрөшкөн башка учурду эстей албайм. Өзгөчө Газада ачарчылык коркунучу эл аралык классификация боюнча катастрофалык деңгээлге жетти. Газа калкынын 96 пайызы, башкача айтканда, 2 миллиондон ашык адам ден соолукка пайдалуу тамак-ашка жана сууга жете албай жатат. Израиль өкмөтү ачык асман астындагы абакка айландырган Газага гуманитардык жардамды киргизбей, адамзатка каршы кылмыш кылууда. Муну бир гана биз эмес, БУУ жана көптөгөн уюмдар да айтып жатышат. Бир чөйчөк тамак же бир ууртам суу алуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган балдардын трагедиясын көрүп 14 айдан бери жүрөгүбүз сыздап келе жатабыз. Израилдин кол салууларында каза болгон 50 миңдей палестиналыктын 70 пайыздан ашыгы аялдар жана балдар».
Эрдоган Ливандагы кооптуу коркунучтун күчөшүнө терең тынчсыздануу менен бирге Газага гуманитардык жардам жеткирүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу чакырыгынын лидерлик деңгээлинде жазылганын баса белгилеп: «Биздин эч бир өлкө, эл же ишеним менен көйгөйүбүз жок. Биздин көйгөйүбүз кыргындар жана кыргын кылгандар менен. Биздин көйгөйүбүз өз өлкөсүнүн жана жарандарынын коопсуздугун дагы көп бейкүнөө канын төгүп издегендер менен. Биздин көйгөй географиябызды басып алуу жана жортуул саясаты менен баш аламандыкка жана туруксуздукка сүйрөгөндөр менен»,- деп айтты.
Израилге курал жана ок-дары ташуунун токтотулушун талап кылган катынын Бириккен Улуттар Уюмунун документи катары 52 өлкө жана 2 эл аралык уюмдун биргелешкен кол коюусу менен жарыяланганын эске салган Эрдоган: «Палестина мамлекетинин айрыкча ушул мезгилде көбүрөөк өлкөлөр тарабынан таанылышы абдан маанилүү»,-деди.
Андан соң президент мекенине кайтып келди.