Түрк аба жолдорунун Тегеран-Стамбул каттамы токтотулду
THYнын Басма сөз кеңешчилиги билдирүү жасады.
2211319
Түрк аба жолдору (THY) Ирандын борбор шаары Тегерандан Стамбулга кайтып келүүчү рейсин токтотту.
THYнын Басма сөз кеңешчилиги тарабынан жарыяланган билдирүүгө караганда, Тегерандагы аба ырайынын катаал шарттарынан улам бүгүн эртең мененки Стамбул-Тегеран каттамындагы TK 874 учагы уча алган жок.
Түрк аба жолдору TK 875 номерлүү Тегеран-Стамбул каттамын да токтотту.