Алтундун G20га чакырыгы
Фахреттин Алтун Катарда жайгашкан Al Jazeera маалымат агенттигине президент Режеп Таййип Эрдогандын Бразилияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине кайрылуусуна байланыштуу «Чоң жыйырма үчүн демилге көтөрүү мезгили» аттуу макаласын жазды.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Чоң жыйырмалык (G20) өлкөлөрүн эл аралык саясаттагы адилетсиз жана бурмаланган практикаларга кайдыгер калбоого чакырды.
Фахреттин Алтун Катарда жайгашкан Al Jazeera маалымат агенттигине президент Режеп Таййип Эрдогандын Бразилияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине кайрылуусуна байланыштуу «Чоң жыйырма үчүн демилге көтөрүү мезгили» аттуу макаласын жазды.
Бүгүнкү дүйнөдө ачарчылык, кургакчылык жана кагылышуулар сыяктуу салттуу коркунучтардын уланып жатканын баса белгилеген Алтун, эл аралык системанын бар маселелерге жооп бере албастыгын жана жаңы технологиялардын абалды дагы да туңгуюкка түрткөнүн белгиледи.
Мындан тышкары, Израилдин Палестинага кол салууларынын эл аралык укуктун бузулушунун эң ачык мисалдарынын бири экенин белгилеген Алтун, Чоң жыйырмалыктын дагы адилеттүү дүйнө үчүн маанилүү роль ойношу керектигин жана өзгөчө санариптик трансформацияга каршы күрөштө эффективдүү стратегияларды иштеп чыгуунун маанилүү экенин баса белгиледи.
Түркиянын тынчтыкты түзүүнүн алкагындагы конструктивдүү ролун баса белгилеген Фахреттин Алтун, Түркиянын Орусия-Украина жаңжалында ок атышпоонун камсыздалышында ортомчулук ролу жана Кара деңиз дан келишиминин түзүлүүсүнө карай демилгелеринин глобалдык азык-түлүк кризисинин алдын алууда маанилүү роль ойногонун эске салды.
Түркиянын мурдагыдай эле аймактык жана глобалдык тынчтыкка, ырааттуулукка жана чыр-чатактын алдын алууга салым кошууну уланта турганын белгилеген Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын тынымсыз кайталаган «Дүйнө бештен чоң» жана «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» деген чакырыктары бул кризистерди жеңе турган куралдарга, эркке жана мүмкүнчүлүктөргө ишарат кылып жатканын белгиледи.
Коммуникация бакшкармалагынын башчысы Чоң жыйырмалык (G20) өлкөлөрүн эл аралык саясаттагы адилетсиз жана бурмаланган практикага кайдыгер карабоого чакырды.
Тектеш кабарлар
«Көгүлтүр мекен-2025» машыгуусу аяктады
Бул боюнча Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) билдирүү жасады.