Тышкы иштер министрлиги Блумбергдин кабарын четке какты

Тышкы иштер министрлигинин булактары, Түркиянын Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн дипломатиялык демилгелерди колдогонуна басым жасады.

2211231
Тышкы иштер министрлиги Блумбергдин кабарын четке какты

Тышкы иштер булактары, Bloomberg агенттигинин Украинага байланыштуу кабарында Түркияга карата айтылган дооматтарды четке какты.

Тышкы иштер министрлигинин булактары, Түркиянын Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн дипломатиялык демилгелерди колдогонуна басым жасады.

Маалымат булактары: «Блумберг агенттиги тарабынан бүгүн жарыяланган кабардын Түркияга байланыштуу бөлүктөрү чындыкты чагылдырбайт",- деди.

Bloombergдин кабарында Түркиянын согушту токтотуу сунушун даярдап жатканы, бул сунуштун алкагында Украинанын Орусияга бир аз жеңилдиктерди бериши күтүлгөнү айтылган.



Тектеш кабарлар